Мазмунга өтүү

Меликсуу вольфрам кени

Википедия дан

Меликсуу вольфрам кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Сүрмөташ суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2700 м бийиктикте. 1942–44-ж. чалгындалган. Кен аймагы палеозой мезгилинин акиташ-сланец калың катмары жана аны жиреп чыккан гранодиорит интрузиясынан түзүлгөн. Рудалуу скарн теги гранит менен чөкмө катмардын контактасында жатат. Бардыгы 7 руда тулкусу аныкталган. Алар узундугу 1,2–9,2 м, калыңдыгы 0,25–1,2 м болгон жана терендикке кеткен мамы сымал. Руда минералдары: пирротин, шеелит, галенит, халькопирит, пирит. Вольфрам триоксидинин орточо өлчөмү – 0,29%. Руданын баланстан тышкары запасы С2 категориясы боюнча 451 миң т, вольфрамдын триоксидиники – 1318 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]