Мелиорация системаларын комплекстүү автоматташтыруу боюнча бүткүл союздук илим изилдөө институту

Википедия дан

Мелиорация системаларын комплекстүү автоматташтыруу боюнча бүткүл союздук илим изилдөө институту - суу чарба курулуштарын комплекстүү автоматташтыруу боюнча илимий иштерди жүргүзүүчү мекеме.

Инстиут мурдагы Кыргыз суу чарба илимий изилдөө институнун негизинде 1973-ж. 14-февралда Фрунзе шаарында уюшулган. Институт — СССРдин суу чарба тармагындагы мелиорация системаларын комплекстүү автоматташтыруу боюнча илимий изилдөө иштеринин башкы мекемеси.

Ал республикада суу чарбасы боюнча бардык илилимй иштерди жүргүзөт. Кыргызстандын шартында жасалган жанa текшерилген жацы ирригациялык аспаптар жана иштелип чыккан технологиялар өлкөнүн башка жерлеринде ишке кирги- зилүүдө. Суунун мөңгүдөн агып чыгып, а. ч. талаасына жетишине чейинки бүт маселелер кеңири изилденет.

Бул максатта ондогон гидротех. курулуш конструкциясы, автоматтык аспаптар түзүлүп, суу байлыктарьш туура пайдалануу менен бардык өсүмдүктөрдөн жог. түшүм алуу жолдору талдап текшерилет. Институт 1975-жылдын 1-январынан жаңы уюшулган Мелиорация системаларын комплекстүү автоматташтыруу боюнча буткул союздук илимий-өндүрүш бирикменин жетекчилиги менен өз ишин улантууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.