Мелман (Каарман)

Википедия дан
Мадагаскар мультфильминдеги каарман
Мелман Манкевич III
Мелман Манкевич III
Түрү: Аңыр
Көздөрүнүн өңү: Жаңгакка окшош
Келбети: Күрөң тактары менен сары
Үндөгөндөр: Дэвид Швиммер (оригиналында)
Александр Цекало (Орусчалаган)
Тасмалар: Мадагаскар, Мадагаскар 2: Мадагаскардан качуу

Мелман (англ. Melman) — ийилген аңыр, медицинаны жакшы көрөт, коркок. Микробдордон абдан коркот. Өмүр бою Глорияны башкаларга сыр кылып сүйүп келген. Кээде коркоктугун таштап баатыр боло калат, өтө кызганчаак. Майкл Джексонго кичине окшошуп кетет. Ар качан эле түрдүү ооруларды айтып ооруй берет, жада калса өзүнүн мойнундагы тактан да ооруп калат. Көчкөнгө чейин Нью-Йорктун борбордук зообакчасында жашаган, дал ошол жерден медицинанын үйрөнгөн.

Ысымы: Мелман
Мүнөзү: чечкиндүү эмес, коркок, уялчаак.
Казыгуусу: медицина, өзүнүн ден-соолугу.
Туулган жери: Африка
Жакын досу: Глория
Ата-энеси: аңырлар
Сүйбөгөнү: микробдор, баткак, башкалар өз ден-соолугун карашпагандыгы.
Жактырбаганы: Мото-Мото.