Мемуар

Википедия дан

Мемуар (гр.— эстелик деген сөздөн) — белгилүү адамдын өзүнүн көрүп-билген же башка жакын булактардан алган окуялары жөнүндө, жазган эскерүү мүнөзүндөгү чыгармалары. Мында борбордук орунда баяндоочу автор турат да, окуяларга өзүнүн көз карашынан баа берет. Кыргыз мемуарлары автобиографиялык чыгармалар (М. Элебаев «Узак жол»», А. Токомбаев «Менин метрикам»), эскерүү (к.) (К. Маликов «Замандаштарым жана каламдаштарым»), күндөлүк (А. Осмоновдун күндөлүктөрү), эпистолярдык (кыргыз акын-жазуучуларынын согуш мезгилиндеги кат алышуулары), адабий портрет (Т. Сыдыкбековдун Токтогул жонундо «Эки акын», «Кербез», Алыкул жөнүндө «Акындын элеси» деген портреттери) жана башка формаларда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]