Мазмунга өтүү

Менин сүйлөөчү Томум

Википедия — ачык энциклопедия
My Talking Tom
Иштеп чыгуучуOutfit7
Басып чыгаруучуApp Store, Google Play
СериясыTalking Tom and Friends
КыймылдаткычыUnity
ПлатформаларAndroid, iOS, Amazon Kindle, Windows Phone
Чыгарылган күнүiOS
15-ноябрь 2013
Android
1-январь 2014
Жанрларывиртуалдык үй жаныбар

«Менин сүйлөөчү Томум» (англ. My Talking Tom) — оюну британиялык «Outfit7 Limited» компаниясы тарабынан түзүлүп, 2013-жылы iOS`то иштелип чыгып, 2014-жылы Android системине кошулган. 3D форматында иштелип чыккан бул оюн бир нече тилдерге которулуп, бүгүнкү күндө 140 өлкөдө популярдуу. 2014-жылы дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддан ашык жолу көчүрүлгөн. Урааны – «Томго өзгөчөлүк тартуула!» Оюн жарыкка чыгары менен мышык тууралуу сюжет да даяр болгон. Каарманыбыз Том 1992-жылы туулган. Аны кожоюну чанып, көчөгө таштап койгон экен. Коробканын ичине түшүп алып бармагын соруп жата берген боз мышыкты боорукер бирөө багып алат. Оюндун негизги багыты – мышыкты жууп-тазалап, тамактандырып, кийиндирип туруу. Оюнчу ал үчүн берилген тапшырмаларды аткарып, упай, тыйын топтоосу керек. Учурда Томдун Бен, Хэнк аттуу достору, Жинжер деген жээни жана Анжела аттуу ашыгы бар. Аталган оюн жаш балдарга жана өспүрүм кыздарга арналган. Улуу Британияда эле 1 жыл ичинде 230 миллион жолу көчүрүлгөн. Оюн ата-энелердин «бул оюн баланы реалдуу жашоодон алыстатат», «жаныбарга аёосуз кысым көрсөтүү» деген сындарына кабылганына карабай «iPad үчүн эӊ мыкты оюн: балдар, тарбия жана үй-бүлө» (2014), «Android үчүн эӊ мыкты оюн: баш катырмалар, карталар жана үй-бүлө» (2014) сыйлыктарына татыган.