App Store

Википедия дан
App Store
Тип

Санариптик бөлүштүрүү

Түзүүчү

Apple Inc.

Операциялык система

iOS
Microsoft Windows
Mac OS X (iTunes)

Акыркы үлгүсү

Сайты

apple.com/iphone/appstore/

App StoreApple Inc. тарабынан iOS операциондук системасындагы мобилдик колдонмолор үчүн иштелип чыккан жана колдоого алынган санарип бөлүштүрүү платформасы. Дүкөн пайдалануучуларга Apple'дын iOS программа иштеп чыгаруу шайманы менен жасалган колдонмолорду издеп жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Колдонмолорду iPhone смартфонуна, iPod Touch чөнтөк компүтерине, iPad планшетине, Apple Watch смартсаатына жана ошондой эле iPhone'дун кеңейтилген 4-муундагы Apple TV'ге жүктөп алганга болот.

App Store башында 500 колдонмо менен 2008-жылы 10-июлда ачылган. 2017-жылдын январь айына карата, дүкөн өз ичинде 2.2 млн колдонмону камтыйт.

Иштеп чыгуучулар колдонмолорун пулдаш үчүн акысыз, колдонмо ичинде сатылган мүмкүнчүлүктөр менен акысыз жана наркы коюлган сыяктуу бир нече опциялары бар. Бирок App Store суз өнүктүрүү чөйрөсү менен сынга кабылып, 2016-жылы июнда компанияга дүкөндүн үстүнөн "басымды жана энергияны кайра жаңыртууга" туура келген. Кийинки айларда чоң өзгөрүүлөр киргизилип, издөө натыйжаларында жарнама, жаңы колдонмого жазылуу модели камтылган, ошондой эле иштеп чыгуучуларга кардарлардын сын-пикирлерине жооп берүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон. Андан тышкары, Apple ойдогудай иштебеген же учурдагы колдонмо нускамаларына туура келбеген эски колдонмолорду текшерип өчүрө баштаган. Колдонмо изилдөө компанияларынын байкоосуна караганда, көп эле колдонмолор дүкөндөн алынып салынган. Ошондой эле, 2017-жылдын акырында iOS 11дин жарык көрүшү менен App Store толугу менен жаңы дизайнга ээ болуп, редактордук мазмун менен күнүмдүк урунттуу учурларга көбүрөөк басым жасалат. Ал эми дизайны айрым Apple'деги курулган iOS колдонмолорунун стилине окшош болот.

2008-жылы жарык көргөндөн бери App Store иштеп чыгуучулардын пайдасына 70 миллиарддан ашуун АКШ доллар киреше берген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Compu-stubКалып:Mobile-stubКалып:Software-stub