Менсплейнинг

Википедия дан
"Алдыда патриархат" менсплейнер адамдын көрсөткөн эскертүү белгиси.

Менсплейнинг (англ. mansplaining) - бул "(эркектин) аялга, анын сурабаганына карабастан, бир нерсени кемсинткен жана өтө жөнөкөйлөтүлгөн түрдө түшүндүрүү же комментарий берүүнү" билдирет.[1][2] Бул сөз man (англ. "'эркек") жана explaining (англисче "түшүндүрүү") сөздөрүнөн түзүлгөн. Менсплейнингтин тамыры эркек аялга караганда билимдүүрөөк болушу мүмкүн деген божомолго негизделген.[3] Бул терминди, башында, эркектердин аялдарга камкорсунуп сүйлөгөнүн айтышса, акыркы мезгилде андан кеңири мааниде, жынысына же жашына карабастан бир адамдын башка адамага камкорсунуп же анын билимин кемсинтип сүйлөгөндө колдонула баштады. 2010-жылы менсплейнинг New York Times, 2014-жылы Oxford тарабынан[4] "Жылдын сөздөрүнүн" бири катары аталган. Америкалык диалект коому 2012-жылы Mansplainingди "эң чыгармачыл" жаңы сөз катары көрсөткөн.[5]

Колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал - эркектин, аял жөндөмсүз же аз билген деген божомолу менен, аялга карата кемсинткен мамилеси. Бул термин, эркек, алдын-ала эле аялдын кандайдыр бир маселени же көйгөйдү түшүнүүсү мүмкүн эместигин болжолдогон кырдаалдарда колдонулат. Бул сөз эркектин теманы аялга караганда жакшыраак түшүнөрүн көрсөткүсү келип, өзүн мактоо максатында сүйлөшүү жүргүзгөн жагдайларда да колдонулат.

2017-жылдын 14-сентябрында курал соодасы боюнча келишимге катышкан мамлекеттердин конференциясындагы жолугушуусунда, Пол Тадлоктун менсплейнингти иллюстрация катары көп учурда колдонгон "Классташтар" скульптурасынын сүрөтү.

Эркек аялга караганда адатта билимдүүрөөк деген сексисттик божомолдорго негизделген гендердик маселелерге түздөн-түз байланыштуу.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Менсплейнинг термини 2010-жылдан бери активдүү колдонулуп келет. Ал Ребекка Солнит тарабынан 2008-жылдын 13-апрелинде жарыялаган "Эркектер мага кантип жашоону үйрөтөт" деген эсседен кийин пайда болгон. Солнит макаласында менсплейнинг деген сөздү колдонгон эмес, бирок ал бул көрүнүштү "ар бир аял билет" деп сүрөттөгөн.[6] Биринчи жолу "менсплейнинг" термини LiveJournal коомчулугундагы комментарийлерде Солниттин макаласы жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин пайда болгон.[7] Бул терминдин популярдуулугу акырындык менен өстү. Массалык түрдө колдонула баштаганга чейин, термин, негизинен ар кандай феминисттик блогдордо колдонулган.[7]

2014-жылы Ребекка Солнит "Эркектер мага кантип жашоону үйрөтөт" деген жети бөлүктөн турган китебин басып чыгарган. 2008-жылы чыккан ошол эле аттуу макаласы дагы бул китепке кирген. Солниттин китеби да эркектердин менменсинип сүйлөшүү адатына арналган.

Сын[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терминди колдонуунун зарылдыгы талаш-тартыштуу. "Эки толук торт" ("Two Whole Cakes") блогунун автору, Лесли Кинел, "Эмне үчүн менден менсплейнинг терминин эч качан укпайсыңар" деген макаласында бул аныктаманы "бир тараптуу" жана "кош стандарттарга ээ" экенин жазган. Журналист өзүнүн айткандарын жеке жашоосунан мисалдар менен тастыктап, күйөөсү Лесли өзү деле билген нерселерди көп айтканын жазат. Кинелдин айтымында, анын күйөөсү аялын кемсинтүү үчүн эмес, маалымат берүү максатында жасайт. Мындай жүрүм-турум эки жыныста тең байкаса болот, дейт.

Журналист Кэти Юнг “Патриархат өлдүбү?” деген макаласында, "менсплейнинг" термини "гендерге негизделген ачык жана текебер аргументтер үчүн" деп жазат. Юнг New Republic гезитинин башкы редактору Нора Каплан-Бриккер дагы менсплейнинг үчүн айыпталган деп термин аялдарга да колдонулуп жатканын белгилейт. Бул “менсплейнинг” деген сөздүн акырындап баштапкы маанисин жоготуп баратканынын далили.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 'Definition' Dictionary.com Зиярат күнү: 02.03.2023
  2. Mansplaining, Merriam-Webster.com
  3. Jaschik, Scott (16 October 2012). "Calling Out Academic 'Mansplaining'". Inside Higher Ed.
  4. Steinmetz, Katy, Time.Clickbait, Normcore, Mansplain: Runners-Up for Oxford's Word of the Year Зиярат күнү: 02.03.2023.
  5. "American Dialect Society 2012 Words of the Year" americandialect.org. Зиярат күнү: 02.03.2023.
  6. Solnit, Rebecca (13.04.2008). "Men Explain Things to Me: Facts Didn't Get in Their Way". TomDispatch. Зиярат күнү: 02.03.2023.
  7. 7.0 7.1 Rothman, Lily (01.11.2012). "A Cultural History of Mansplaining". The Atlantic. Зиярат күнү: 02.03.2023.