Мерцбахер (кадимки) калдырканы

Википедия дан

Мерцбахер (кадимки) калдырканы (Parnassius (s. str.) apollo (Linnaeus, 1758) ssp. Merzbacheri), (Fruhstorfer, 1906) - Түр P. apollo IUCN RLTSтин (1996-жылы VU A2cde категориясында), CITES IIнин Тиркемесине жана бир катар регионалдык Кызыл китептерге киргизилген . Голарктикалык тукумдун 47 өкүлү, өтө кооз, коллекционерлердин сүйгөн түрү.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Канаттарынын кулачы 70–75 мм келген ири көпөлөк. Канаттарынын жалпы түсү ак же бозомук кара кабырчыктар менен чачыратылган. Арткы канаттарында кара алкакчада билинер-билинбес ак көзчөлүү эки кызыл тагы бар. Эркектери агышыраак жана ургаачыларынан майдараак, кичирээк, жупташкандан кийин курсагынын үч жагында агыш тырмак сыяктуу өсүндү – сперматофрагма өнүгөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр бүткүл евросибир ареалы боюнча чачыранды, 60ка жакын жергиликтүү P. a. merzbacheri түрчөлөрү кездешет, анын ичине жунгар-түндүк Тянңшанң ареалы да кирет . Кыргызстан үчүн көрсөтүлгөн P. a. transiliensis түрчөсү көпчүлүк адистер боюнча P. a. merzbacheri менен синонимдештирилет ; түрчөнүн калган таксондорунун көрсөтүлүшү так эмес аныктоолордун натыйжасы. Кыргызстанда Жумгал, Кастек, Илий, Күнгөй жана Тескей Алатоо кыркаларында кездешет ; Атбашы тоо кыркаларында кездешкени так эмес .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

P. a. merzbacheri деңиз деңгээлинен 1000–3000 м бийиктиктеги орто тоолордун алкагында, таштуу тоо беттеринин ар түрдүү шалбааларында кездешет .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табигый жашаган жерлерин бузулбаганда массалык учуу мезгилинде салыштырмалуу (көз болжоо менен) P. a. merzbacheri көпөлөгүнүн имагосунун жыштыгы гектарына 100–120 даана жана айрым жылдары саны бир кыйла өзгөрүшү мүмкүн . Жа шоо ти ричи лиг и ( жашоо цикл дар ы). Жаратылышта моновол’тиндик түр. P. apollo биологиясы жана имаголануу алдындагы стадиялары жетишерлик кенен жазылган . Диапаузасы Каркыра жайлоосунда (Күнгөй Алатоо кыркасы) апрелдин ортосунда аяктайт ; жаш гусеницалар топ-топ болуп жашашат, седумдар (Sedum ewersii, S. hybridum, S. alberti) жалбырактары жана Orostachys spinosa (Crassulaceae) азыктанышы ыктымал . Жетилген гусеницалар июнң айында байкалат. Куурчакча стадиясы 10–16 күнгө созулат, учуусу июндун аягынан күзгө чейин.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орун которууга таптакыр жөндөмсүз жана отурукташкан түр . Түз жерлердеги P. apollo популяциялары үчүн өлүп, жоюлуунун башкы себеби – жашаган жерлерин өздөштүрүү, айрыкча чөп чабуу , пестициддерди колдонуу сүйүүчүлөр аркылуу кармоолор . Өсүмдүктөрдөгү стенофагия көпчүлүк фитофагдар үчүн уулу болуп, атаандаштардын жоктугуна себеп болот . P. a. merzbacheri мите түктүү чымындар, бактерия- вирус оорулары белгиленген .

Көбөйтүү ( колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо багылат. Кыргызстанда обочолонгон (өзүнчө бөлүнгөн) популяцияларды белгилүү бир кулңтурада бир нече муундун аралыгында асыроо боюнча эксперимент ийгиликтүү өткөрүлгөн.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр 1984-жылы Республиканын Кызыл китебине киргизилген . Популяциялар Алматы коругунда (Казакстан), Кемин, Каракол, Аларча МУЖПсынын аймагында, Аксуу заказнигинде корголот. P. apollo ареалынын бардык мейкиндиги боюнча корукка алынган. Ко рг оо үч үн зар ыл ар ак еттер . Түрчөнүн көпчүлүк жердеген жерлери азыркы мезгилде антропогендик басымдын интенсивдүүлүгү ортодон төмөн, ал эми басым күчөтүлгөн жерлерде (Аламүдүн, Талдыбулак капчыгайларында) жайытты, чөп чабууну, рекреациялык басымды чектөөчү 2–3 микрорезерват түзүү жана сандык каттоо жүргүзүү (мониторинг), тоют өсүмдүктөрүн тактоо, ошондой эле жашаган жерлерине окшош жерлерге кайра байырлаштыруу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүү максатка ылайык.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III категория (LR-nt). Белгилүү бир жерге таандык, жоголуп кетүү коркунучу туула элек, бирок популяциялары начарлап бараткан түрчө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]