Местничество

Википедия дан

Местничество — орус мамлекетиндеги феодалдык, иерархия системасы (15—17-к.). Бул система 15-кылымда Москванын улуу князынын сарайында уделдик княздардын кептеген укум-тукумдары жанаа алардын боярлары топтолгондо калыптанган.

Местничество боюнча феодалдын сарайдагы кызмат орду өзүнүн жана ата-бабасынын теги, сиңирген кызматы менен аныкталган. Ал феодалдык, ак-сөөктөрдүн экономикалык жана саясий күч-кубатын билгизген. Бирок местничество 16-кылымдындын ортосунан мамлекеттик башкарууну андан ары борбордоштурууга кедерги боло баштаган. Жеке бийликтин чыңдалышы менен местничество чектеле баш­тан, дворяндардын саясий-экономикалык турмуштагы ролунун күчөшүнөн улам 1682-ж. 12-январда жоюлган. Өтмө маанидe местничество (жердешчилик) —жергиликтуу кызыкчылыкты көздөө менен жалпы ишке зыян келтируу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.