Металлдардын макроструктурасы

Википедия дан

Металлдардын макроструктурасы (макроструктура жана структура) — ме­таллдардын куралсыз же лупа менен (25 эсеге чейин) чоңойтулун көрүнгөн түзүлүшү.

Металлдардын макроструктурасын изилдөө үчүн кесилип же сындырылып алынган жалпак үлгүлөрдүн — темплеттердин бети кылдаттык менен жылмаданып, анан кислотага же жегичке салынып бир нече минут кармалат. Мында үлгү металлдын туташтыгынын бузулганын (көңдөйчөнү, борпоңдукту, газ көбүкчөлерүн, жаракаларды ж. б.), кошунду жана металл эмес заттардын бөлүнүшүн, кристаллиттердин формасын, жайгашкан ордун көрүүгө болот.

Металлдардын макроструктурасы менен изилдөө металлдарды куюп, кырып-жонуп ж. б. технологиялык иштетүүлөрдү туура жүргүзүүгө, басым менен иштетүүдө жана ширетүүдө тетиктин сапатын аныктоого, талкалануунун себебин айкындоого мүмкүндүк берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.