Металлдарды химия-термиялык иштетүү

Википедия дан

Металлдарды химия-термиялык иштетүү - металл тетиктердин бет катмарынын хим. составын, структурасын жанa касиетин өзгөртүү үчүн хим. активдүү чөйрөдө металлды ысытуу жолу менен иштетүү..

Тетиктин бетинин бекемдигин, о. эле кадимки жанa жогорку температурада агрессиячыл чөйрөдөгү бетти бузулуудан сактоо үчүн Металлдарды химия-термиялык иштетүү колдонулат. Мындай иштетүүдөн кийин металлдын бет катмарынын касиетин олуттуу өзгөртүү үчүн металл кошумча термиялык иштетилет. Металлдарды химия-термиялык иштетүүдө сырткы чөйрөнүн составына жараша металлдардын бет катмарлары элементтерди сиңирип же бөлүп чыгарат.

Өндүрүштө аз көмүртектүү болотторду цементтее, б. а. көмүртекке каныктыруу кеңири колдонулат. Ал машинанын тетиктеринин катуулугун, жешилүүгө туруктуулугун жана чарчоого бекемдигин жогорулатат. Циандоо да цементтөөдөй кеңири таралган. Циандоодо болот көмүртек менен гана эмес, азотко да каныктырылат. Азоттоштурулган көмүртектүү жана атайы легирленген болоттун бет катмарынын катуулугу, дат басууга жана жешилүүгө туруктуулугу жогорулайт. Металлдарды химия-термиялык иштетүүнүн бир түрү — диффузиялык металлдаштыруу да кеңири таралган. Металлдарды химия-термиялык иштетүүдө металлдар температурага туруктуулугун жогорулатуу үчүн алюминийге (алитир- лештирүү), катуулугун жана дат ба­сууга туруктуулугу үчүн кремнийге (силициялоо) каныктырылат.

Өнөр жайда татаал куймалар да, таза металлдар да химия-термиялык түрдө иштети­лет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.