Металлдарды ысытуу

Википедия дан

Металлдарды ысытуу - металл­ды басым менен кысып (прокаттоо, штамптоо, согуу ж. б.) иштетүү оңой болгудай аны алдын ала керектүү ийкемдүү абалга жеткирүү; термия­лык же хим.-термпялык иштетүүдөн мурда анын мех., физ. же хим. касиетин талапка ылайык өзгөртүү.

Металлдарды ысытуу процесси сырттан жылуулук келтирүү жолу менен термиялык же ысытуучу мештерде ж-а ысытыла турган металлдар аркылуу электр тогун өткөрүү же индукция аркылуу ал металлда электр тогун пайда кылуу менен ишке ашырылат.

Басым менен иштетууден мурда Металлды ысытуу температурасы металлдардын касиетине колдонулушу мүмкнү. Мис.. алюминий 250—50СРС, болот ПЯТ—1300°С) жана ысытуучу түзүлүшкө жараша тандап алынат. Тер­миялык жана химия-термиялык иштетүүдө ысытуу, иштөтилүү максатына жана металл куйманын структурасынын өзгөрүш температурасына (200— 1150°С) жараша аныкталат. Ысытуу бейтарап же активдүү чөйрөдө жүргүзүлгөндө ысытылма жанa муфелдүү мештер пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.