Метеор

Wikipedia дан
Жаркыраган метеор - болид

Метеор (гр. meteor – «атмосфералык кубулуш ») – планета аралык мейкиндиктен Жер амтосферасына бир нече километр ылдамдык менен киргенде Жер атмосферасынын жогорку катмарында (130 – 180 км бийиктикте) күйүп кетүүчү космос телосу.

Атмосферанын таасиринен метеорлор адатта толук массасын жоготот, башкача айтканда «күйөт», ошондуктан от чыгарып, атмосфера газын иондоштурат.

Жаркыраган метеорлор болид, ал эми начар жаркыраганы учуучу жылдыздар деп аталат.

Метеор телосу – метеор кубулушун пайда кылуучу космос телолору. Өтө кичине массалуу метеор телолорундагы кубулуштарды телескоп аркылуу гана көрүүгө болот. Мындай кубулуштар өтө көп. Ал эми чоң массалуу метеор телолору жаркырак чоң метеорлорду же оттуу шарларды пайда кылат.

Метеор чаңы – сфера формасындагы, диаметри 0,1 – 0,001 мм болгон өтө майда катуу бөлүкчөлөр; ал метеор телолорунун Жер атмосферасында талкаланышынан пайда болот.

Метеорлорду байкоо аркылуу метеорлордун санын билүүгө жана алардын радианттарын аныктоого болот. Байкоочу биринчи учурда көрүү талаасы 60°тай болгон тегерек алкактын астында жайланышат да, алкактын ичиндеги гана метеорлорду каттайт. Китепчеге метеордун номуру, жылдыз чоңдугу, учуп чыккан мезгили, бир секунд тактыктагы бурчтук ылдамдыгы, багыты жана анын алкакка карата агымы катталат. Бул байкоолор метеор агымдарын жана метеордун жаркырактыгы бонча бөлүнүшүн изилдөөгө мүмкүндүк берет.

Метеор күзөткүч – бүткүл асманды көрүүчү жана метеорлорду сүрөткө тартуучу кең бурчтуу фотографиялык камералардын системасы.

Кошумча макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов