Метриопатия

Википедия дан

Метриопатия (гр. metriopatheia, metos – чектелген жана pathos) – өтө берилгендик кумардануу байыркы грек этикасына мүнөздүү бир нерсеге катуу берилүүнү, аша чабууну чектөөнү түшүнүк, анатацияга каршы коюлат.

Стоицизм (стоикчилер) менен талаш-тартышта пайда болуучу перипатетикалык мектептин термини: аффекттерди толук боюнча түп тамырынан жоготуунун стоицикалык идеялына жана акылмандын абсолюттук камаарыбастыгына перипатетиктер Аристотелдин бакыт формуласы катары алтын «орточо» жана «ашыра талап кылбоо» жөнүндөгү окуусун карама каршы коюшкан; стоицистикалык апатия («камаарыбагандык») бул учурда метриопатияда («ашыра талап кылбоо – кумардануу») талаш-тартыш түрдө трансформацияланган. Метриопатия жөнүндө окууну ошондой эле Платондук академиянын, ортоңку платонизмдин өкүлдөрү жана айрым скептиктер да үйрөнүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8