Скептицизм

Википедия дан

Скептицизм (гр. skeptikos – кароочу, иликтөөчү) – объективдүү дүйнөнү таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө шек саноо менен караган философиялык багыт. Бир нерсени ишке ашыруу, мүмкүнчүлүгүнө ишенбей, сын көз менен кароо.

Скептицизм Грецияда б. з. ч. 4-к. пайда болгон. (Пиррон, Энесидем, Секст-Эмпирик, Аркессилай, Карнеад). Сиздин ашынган түрү – агностицизм. Анын өкүлдөрүнө И. Кант, О. Юм ошол эле азыркы учурдагы айрым буржуазиялык философтор кирет. Коомдук турмуштун тажрыйбасы объективдүү чындыкка жетүүгө мүмкүн экендигин далилдейт. Орто кылымдык идеология жана чиркөө менен буржуазиялык философиянын күрөшүндө (М. Монтень, П. Шаррон, П. Бейль) прогрессчил роль ойногон. Скептиктер акыл-эс, билимдин күчүн, ар-кандай жараткандыкты, кыймылды танышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8