Мазмунга өтүү

Бейль, Пьер

Википедия — ачык энциклопедия
Бейль, Пьер
Толук аты-жөнүПьер Бейль
Англис тилиндеPierre Bayle
Төрөлгөн18.11.1647
Карлат, Фуа гафчылыгы, Лангедок
Көз жумган28.12.1706
Роттердам
АймакСкептицизм

Пьер Бейл (фран. Pierre Bayle) (18 ноябрь 1647 жылы Карлат, Фуа графчлыгы, Лангедок, 28 декабрь 1706 Роттердам) – француз философу, публицисти, агартуу доорунун өкүлү.

Бейлдин көз карашына Монтенейдин скептицизми, Декарттын философиясы, 17-кылымдагы илимдердин ачылыштары чоң таасирин тийгизген. Бейлдин негизги чыгармасы «Тарыхый жана сын сөздүгү». Өзүнүн ишмердигинде Бейль диний чыдамдуулуктан жана диний индеферентизмден диний скептицизмге өткөн. Ошондуктан ал диний догматтарды рационалдуу негиздөө мүмкүн эмес, ал эми адеп-ахлак динден көз-каранды эмес деп эсептеген.

Бейлдин таасири француз агартуучуларына, Мисалы: Вольтер жана кийинчерээк Фейербахка тийген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]