Метрология

Википедия дан

Метрология (грекче metrtn – ченем, өлчөм жана ...логия) – өлчөө, өлчөөлөрдү бирдиктөө жана талап кылынуучу тактыкка жетишүү методдору жөнүндөгү илим.

Метрологиянын негизги проблемаларына төмөнкүлөр кирет: өлчөөнүн жалпы теориясын түзүү (теориялык); физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасын түзүү (колдонмо); өлчөө методдорунун жана өлчөө каражаттарынын бирдей болушун камсыз кылуу (закондук метрология); эталондорду жана өлчөөнүн үлгүлүү каражаттарын жасоо; чендерди жана өлчөө каражаттарын текшерип туруу. Метрологиянын өнүгүшүндөгү тарыхый этаптар: метр эталонун аныктоо (Франция, 18-кылымдын аягы), бирдиктердин абсолюттук системасын түзүү (К. Гаусс, 1832), Эл аралык метрдик (чендик) конвенцияга кол коюу (1875), Бирдиктердин эл аралык системасын (СИ) иштеп чыгуу жана аныктоо (1960). Метрологиялык изилдөөлөрдү Эл аралык метрологиялык уюм координациялайт.

20-май – Бүткүл дүйнөлүк метрология күнү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]