Миккелсен Мадс

Википедия дан

Мадс Диттманн Миккелсен (англ. Mads Dittmann Mikkelsen;датча айтылышы: [ˈmas ˈmiɡ̊l̩sn̩] (угуу) 1965-жылдын 22-ноябрында төрөлгөн) — даниялык актер. Башында бир гимнаст жана бийчи болгон Миккелсен 1996-жылы актер катары өз эмгек жолун баштаган. Ал "Ортомчу" (англ. Pusher) үчилтигинин алгачкы эки бөлүмүндө аткезчи Тоннинин, Питер Тросбонун "Биринчи бөлүм" (англ. Unit One) (2000-2003) сериалында текебер бирок сезгич полиция Аллан Фишердин образын жаратуу менен Данияда атактуу болгон.

Миккелсен Жерри Брүкхеймердин "Падыша Артур" (англ. King Arthur, 2004) тасмасында Тристандын образын жаратуу менен мурдагыдан да кеңири атактуулукка жеткен. Ал эми "Жеймс Бонд" сериясынын 21-бөлүмү болгон "Роял казиносу" (англ. Casino Royale, 2006) тасмаcында башкы антогонист Цифранын ролун аткаруу менен дүйнө жүзүндө белгилүү болууга жетишкен. Андан кийин ал франциялык Жан Кунендин "Коко Шанел жана Игор Стравинский" (англ. Coco Chanel & Igor Stravinsky, 2008) тасмасында Игор Стравинскийдин образын жаратуу менен таанымал болгон жана Канн кинофестивалында Даниянын "Аңчылык" (англ. The Hunt, 2012) тасмасында Лукастын ролун аткарып "Эң мыкты актер" сыйлыгын утуп алган. 2012-жылы ал Дания-америка коомунун жыл адамы деп табылган. Киносынчылардын оң баасына татыган "Ганнибал" (англ. Hannibal) (2013-2015) телесериалында ал Др. Ганнибал Лектердин образын жараткан. 2016-жылы Миккелсон "Marvelдин" "Доктор Стрэнж" (англ. Doctor Strange) тасмасында Кацилиустун ролун жана "Lucasfilmдин" "Шылуундар бир: Жылдыздар согушу окуясында" (англ. Rogue One: A Star Wars Story) Гален Эрсонун ролун аткарган. Ал Хидео Кожиманын Death Stranding аттуу видео оюнунда жана Жо Пеннанын "Арктика" (англ. Arctic) триллеринде башкы каарман болмокчу.

New York Times гезитинин кызматкери А. О. Скотт "Голливуд сахнасында Миккелсен көрүүчүнү кызыктыра алган актер " деп белгилеп, бирок ички чөйрөдө "ал өзгөчө бир нерсе: жылдыз, аксиома, дания киносунун кайра жанданышынын жүзү" деген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]