Микоплазмоз

Википедия дан
Микоплазмоз

Микоплазмозадам жана жаныбарларда кезигүүчү микоплазмалар пайда кылуучу жугуштуу оорулар.

Оорунун башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микоплазмалар адамдын ар кандай органдарында, ошондой эле сууда, кыкта кезигет. Кишилер жөтөлгөндө абага бөлүнүп, соо адамга дем алуу жолдору аркылуу жугат. Микоплазмоз менен катуу ооруган кишинин канында иммунитет пайда болуп, ал 5—10 жылга сакталат. Эгерде микоплазмоз жеңил өтсө, иммунитет тез эле жоголуп, оору кайра жугуп калышы мүмкүн. Адамга козгогуч жуккандан баштап 4 жумага чейин оорунун алгачкы белгилери билинбейт (жашыруун мезгил). Оорулуунун мурду, тамагы кургап кычышат, кызарып, мурду бүтүп, 1—2 жумача кез-кези менен катуу жөтөлүп, эти ысыйт (38°), акырында башы, кеңилжээри ооруйт. Оору күчөп кетсе өпкөнү сезгендирет. Ооруган адамдын 5 күнчө эти ысып (39—40°), жөтөлүп, какырынып, көкүрөгү ооруп, өпкөсүнөн кырылдаган дабыш угулуп турат.

Жаңы төрөлгөн баланын оорушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микоплазмоз жаңы төрөлгөн жана жаш балдарда өзгөчө оор өтөт. Адамдын дем алуу органдарынан башка нерв, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, кан айлануу системалары да аябай жабыркайт. Эгер кош бойлуу аял аны менен ооруса, ал кан аркылуу түйүлдүккө да жугат. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен врач чакырып, аны кабылдатпай, тез дарылоо керек.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алуу үчүн ооруган адамды өзүнчө бөлүп, дарылап, оозу-мурдун даки маска менен калкалоо зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8