Микробөлүкчөлөрдүн чачырашы

Википедия дан

Микробөлүкчөлөрдүн чачырашы - чачыраш теориясы — кагылышуунун натыйжасында импульстарын өзгөртүүчү бөлүкчөлөрдүн кагылыш процесси (серпилгич чачыраш); бул учурда импульстары өзгөрүү менен бөлүкчөлөрдүн ички абалы өзгөрөт же башка бөлүкчөлор түгүлөт (серпилгичсиз чачыраш).

Серпилгич жанa серпилгичсиз чачыраштардын негизги сан мүнөздөмөлөрүнүн бири — чачыраштын туурасынан кесилиш аянты. Чачыраш процесессин аянты бөлүкчөлөрдүн катышы ыктымалдыгына пропорциялаш. Анын чоңдугун өлчөө бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттениш законун окуп үйрөнүүгө жанa алардын структурасын изилдөөгө мүмкүндүк берет. Мис., атомдордун бөлүкчөлөрдү чачыратуу тажрыйбасында атомдордун ядролору бар экенин Э. Резерфорд аныктаган; көп энергиялуу электрондун протон менен нейтрондон (нуклонгон) чачыраш тажрыйбасында нуктондун структурасы изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.