Микромодуль

Википедия дан

Микромодуль (радиоэлектро­никада) - тыгыздап жайгаштырууга ылайыкталган атайын формалуу радиотетиктерден чогултулган блок.

Микромодуль кабатталган жалпак, таблетка жана цилиндр түрүндө болуп айырмаланат.

Микромодульдун 1 см3 көлөмүндө 5теп 30га чейин тетик жайгаштырылат. Микромодуль каршылык, конденсатор, индукциялуу оромо, жарым өткөргүчтүү диод жанa транзистор сыяктуу микроэлементтерден чогултулат да, өлчөмү 9,6X9,6 мм, бийикт. 5—25 мм жука такта түрүндө жасалып, полимер ком­паунду менен жылчыксыз толтурулат.

Микромодуль авиацияда, ракета жанa космос техникасында, кичине электрондуу аппараттарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.