Микросъ­емка

Википедия дан

Микросъ­емкатетиктин же объ­ектинин оптпкалык микроскоп (20— 3500 эсе) жанa электрондук микроскоп (100 000 эсе) менен чоңойтулган фото же кино сүрөтүн алуу.

Микросъ­емка объекти­нин тышкы көрүнушүн, анын структурасын жанa анда болуп өтүүчү процессти изилдөөдө пайдаланылат. Ошону үчун ал илимде, техникада жанa а. ч-да объективдүү документ түзүу ме­тоду катары кеңири колдонулат.

Микросъ­емкада микроскоптун оптпкалык системасы микропроекциялоо ыкмасы менен жөнгө салынат, ал эми электрондук мик­роскоп менен чоңойтулган сүрөт элек­трон агымы менен фотоплёнкага түшүрүлөт. Ил. иштерди жүргүзүүдө татаал микроустановка жанa жарык сезгич ар кандай материалдар, жарык чыпкалары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.