Микроэлектроника
Микроэлектроника — электрониканын абдан ишенимдүү, үнөмдүү микроминиатюралуу түзүлүштөрдү жаратуу маселелерин камтыган бөлүгү.
Микроэлектроникадагы электрондук түзүлүштөр негизинен басма монтаж, модулдар, микромодулдар жанa интегралдык микросхема түрүндө аткарылат.
Катуу нерселердин, өзгөчө жарым өткөргүчтөр физикасынын жетишкендиктерин колдонуу менен электрондук элементтердин өлчөмдөрүн аябай кичирейтүүгө, ал гана эмес конструкциясы, технологиясы боюнча жанa бир бири менен электрдик байланышы бар электрондук структураларды — функциялык блокторду жанa түйүндөрдү түзүүгө мүмкүн болду. Б. а. ушул блоктордо жанa түйүндөрдө бирдиктуу технол. процесс менен жасалган конструкциясы жанa электрдик схемасы боюнча кошулган микроминиатюралуу элементтер бириктирилген. Мындай туйун интегралдык микросхема же интегралдык схема деп аталат. Интегралдык схема андагы жөнөкөй элементтердин саны менен мүнөздөлөт. Интегралдык схемадагы элементтердин саны беш жанa андан көп болушу мүмкүн.
Микроэлектрондуу элементтерди даярдоо учун өтө так технол. процесстер жанa көп сандаган операциялар өткөруу керек болгондуктан ар турдүү жог. сапаттуу жарым өткөргүч ж. б. материалдар жанa прецизиондуу (так) технол. жабдуулар талап кылынат. Колдонулган конструкциялык, технол. жанa физ. принциптерге жараша Микроэлектрониканын интегралдык электроника, вакуумдуу микроэлектроника, оптоэлектроника жанa функциялык электроника деген багыттары бар. Булардын ичинен онуккон багыты — интегралдык электроника. Анын пайда болушу менен (60-жылдар) радио- электрондуу аппаратураны кеңири микроминиатюралаштыруу мүмкүнчүлүгү ачылды.
Интегралдык схема эсептөө техникасы менен космос системасынан баштап, тиричилик аппараттарына чейин колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.