Мильеранизм

Википедия дан

Мильеранизм, министериа­лизм, «министр социализми» — соц. партиялардын оппортун. жетекчилеринин буржуазия менен саясий кызматташуу формасы.

«Мильеранизм» түшүнүгү 1899-ж. Францияда бурж. өкмөттүн составына социалист А.Мильерандын (18591943) киришине байланыштуу чыккан. В. И. Ленин Мильерандын бул жоругун «практикалык бернштейнчилик» деп атаган (В. И. Ленин, Чыг., кырг. 1-бас., 5-т.,385-6.). «Мильеран окуясынын» айланасында айыгышкан талаш-тартыш жүрүп, франц. жанa эл аралык соц. кыймылдагы оппортун. жанa рев-ячыл багыттардын күрөшү күчөп баратканы айкындалган. Мильеранизмге каршы чык­кан гедчилер менен бланкичилер 1901-ж. Франция соц. партиясын уюштурган; Мильеранды жактагандар 1902-ж. Ж. Жорес башкарган Франция соц. партиясын түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.