Мимикрия

Википедия дан

Мимикрия (грекче mimikjs – окшошуу) – өсүмдүк менен жаныбардын түсүнүн, формасынын өзү жашаган чөйрөгө окшошуусу. Мимикрия табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп, жашоо үчүн күрөштө жаныбарлардын тиричилигине шарт түзөт. Жаныбарлар түсү, формасы айлана-чөйрөгө же уулуу жаныбарларга окшошуп, душмандарынан коргонот. Мимикрияга чулдуктун жумурткасынын формасы жана түсү жээктеги майда таштарга, кээ бир деңиз жандыктарынын деңиз балырына, жырткыч жаныбардын айланачөйрөгө окшошуусу; ак көпөлөк желбей турган, жыты сасык өтө ачык түстөгү көпөлөккө окшошушу ж. б. кирет. Айрым жаныбарлар жашыл же кургаган жалбыракка абдан окшошуп, мимикрия күчөтөт. Мисалы, кээ бир көпөлөктөр түшүп жаткан кургак жалбыракка окшоп, айланып учат. Өсүмдүктөрдүн мимикриясы пайдалуу жаныбарларды өзүнө тартуу же зыяндууларын коркутуу үчүн керек. Мисалы, нектары жок гүл сыртынан балдуу өсүмдүккө окшошуп, нектар издеп жүргөн аарылар аларды чаңдаштырып кетет. Кээ бир курт-кумурскалар менен азыктанган өсүмдүктөрдүн кармоо аппараттары ачык түстөгү гүлгө окшоп, жем болуучу чымын-чиркейди өзүнө тартат. Орхидеянын гүлү, түсү, жыты кээ бир чаңдаткыч чымын-чиркейдин ургаачысына окшош болгондуктан, алардын эркектери келип, гүлдү чаңдаштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]