Нектар

Википедия дан
Нектар жыйнап жүгөн аары.

Нектар (гр. nektar – кудай ичимдиги) — гүлдүү өсүмдүктөрдүн нектарниктери (балдуу безчелери) бөлүп чыгарган таттуу шире. Нектардын курамы спирттердин бир аз аралашмасы бар канттын суу эритмеси, азоттуу жана ароматтуу заттар, комитеталар, ферменттерден турат. Ар кандай өсүмдүктөр гүлдөө мезгилинде түрдүү өлчөмдө нектар бөлүп чыгарат. Нектар курт-кумурска жана куштарды өзүнө тартып, алар өсүмдүктөрдү кайчылаш чаңдаштырат. Ал аары балынын негизги бөлүгүн түзөт жана чымын-чиркейлердин азыгы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]