Минимум бет

Википедия дан

Минимум бет — бардык чекиттерде орт. ийрилиги нөлго барабар бет.

  • Минимум бет төмөнкүдөй вариациялык эсептөөдөн пайда болот: мейкиндикте кандайдыр бир туюк ийри сызык берилсе, ал аркылуу өтүүчү беттердин ичинен ошол ийри сызык менен чектелген жанa аянты минимум болгон бетти (аталышы ушундан чыккан) табуу керек.
  • Эгер ийри сызык тегиз болсо, анда бул эсептөөнүн чыгарылышы берилген ийри сызык менен чектелген тегиздиктин бөлүгү болот.
  • Минимум бетти Ж. Лагранж, Ж. Менье, Г. Монж ж. б. математиктер изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.