Минуса ойдуңундагы кыргыз топонимдери

Википедия дан

Минуса ойдуңундагы кыргыз топонимдериМинусин ойдуңундагы кыргызга тиешелүү аталыштар. Бул жерде талаа маданиятындагы көчмөндөрдүн аңчылык жана балыкчылыкты кесип туткан токой элдеринен айырмасы чоң болгон. Мис., орто кылымдарда кыргыздар иштеткен эгин талаалары «хыргыс тарлаглары», «кыргыз тегирмендери» деп аталган. Кыргыздар балыкты «суг хурты» (кыргыз тилинде – суу курту) деп, иренжип жешчү эмес. Балыктан арылуу максатында курулган суу арыктары бүгүнкү күнү да «хыргыс кообы» деп аталат. Мындан сырткары, хакастарда «хыргыстын хыргычы» – «кыргыз эрдиги» деген сөз айтылары маалым. Ал эми моңгол тилдүү элдерде «хыргыс» сөзү «каардуу», «жаалдуу» деген маанини билдирет. 19-кылымдагы белгилүү хакас окумуштуусу, профессор Н. Ф. Катанов: «Менин бабаларым чыккан сагай уруусу кара кыргыз аттуу түрк элинин урпактары болот», – деп жазган. Минуса ойдуңундагы кыргыздарга таандык жер-суу аттары боюнча айрым маалыматтар: Хыргыс-Хакасиянын Россияга бириктирилишине чейинки аталышы; Хыргыс аргылары – Уйбат жана Бидна дарыяларына улап салынган байыркы кыргыз каналдары; Хыргыс аргычагы – Аскиз аймагындагы Ары-Таг тоосунун жанындагы байыркы суу аккан кыргыз арыгы; Хыргыс ахчалыг хыр (кыргыз тыйындары табылган дөбөлөр) – Ак Июс дарыясына жакын жердеги жез тыйындар табылган дөбөлөр; хыргыс көдреси (кыргыз сазы) – тарыхый-фольклордук маалыматтар боюнча Ус дарыясына жамаатташ аталган аймактарды кыргыздар мекендешкен; хыргыс көшкен хол (кыргыздар көчүп өткөн бел) – Мрасу дарыясынан Кобырда дарыясынын чатына чейинки тоонун бели.

1703-жылы Жуңгарияга кыргыздар аталган бел аркылуу зордоп көчүрүлгөн; Хыргыс көлү (Кыргыз-Көл) – Чулум дарыясына жакын жайгашкан көл. Минусадан келген кыргыздар аталган көлдүн жанында кыштымдардан салык жыйнашчу; хыргыс Кообы (Кыргыз арык) – Бейка дарыясына туташ салынган байыркы кыргыз каналы; хыргыс орамнары (кыргыз көчөлөрү) – Табат, Кара Июс дарыяларынын ойдуңуна орто кылымдардагы кыргыздар тарабынан салынган дөбө жана аң түрүндөгү атайын курулган коргонуу чектери; Хыргыс Пили (Кыргызбел) – Божье дарыясына чукул орун алган ашуу; Хыргыс-Суг (Кыргызсуу):

  1. Кичи Абакан дарыясынын куймасы. Бул жерде аң уулаган хакастарды алтайлыктар азыр да кыргыздар деп аташат; # Енисейдин сол куймасы Кыргыс-Суг деп аталат;
  2. Хол дарыясынын оң куймасы; хыргыс сөөктери (кыргыз бейиттери) – кыргыздардын көрүстөн эстеликтери Хакас-Минуса ойдуңунда он эки жерден табылган.

Бул эстеликтерди хакастар «кыргыз жоокерлеринин бейиттери» деп аташат; хыргыс сыххан чол (кыргыздар чыккан жол) – Кобырза дарыясынын жогорку агымындагы Хакасиядан Шорияга ашып өтчү жол (Таштып аймагы); хыргыс сынрады – Минуса ойдуңундагы кыргыз көрүстөндөрү; Хыргыстар аалы (кыргыздар айылы) – Абакан, Ниня дарыяларынын ойдуңунда жайгашкан үч айыл; хыргыс тогынган чир (кыргыз өндүрүшү жайгашкан жер) – Июс дарыясынын аймагынан көп сандаган күл дөбөлөр, көмүр табылган.

Тарыхый булактар бул жерде кыргыздар темир иштетишкендигин баяндайт; Хыргыс узанган жер (кыргыз устаканалары) – Тея дарыясынын өрөөнүндө; Хыргыз хара суг (кыргыз булактары) – Көксө дарысынын өрөөнүндө; Хыргыс чолы (кыргыз жолу): 1. Базин Бейка дарыясына туташ казылган байыркы канал; 2. Камышта дарыясына жакын жердеги байыркы канал; 3. Аскиз дарыясынын оң жээк тарабындагы байыркы кыргыздардын сугат каналы. Бул канал Харахач тоосуна чейин жеткирилген; сугат каналдары жогорку геодезиялык жана арифметикалык тактыкта курулган; хыргыс Чул (кыргыз өзөндөрү) – Минуса ойдуңунда жогорудагыдай ат менен алты өзөн белгилүү; хыргыс чазы (кыргыз талаасы): 1. Абакан дарыясы аркылуу Тея жана Аскиз дарыяларынын куймаларына чейинки аймактын аталышы; 2. Божье айланасындагы түздүктүн аталышы; хыргыс чурты (кыргыз журту): 1. Рейнголь көлүнүн жанындагы жердин аталышы; 2. Уйбат дарыясынан Капчалыга чейинки жердин аталышы жана башка.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]