Минцзя

Википедия дан

Минцзя (кыт. сөзмө сөз – аталыштар мектеби) – Байыркы Кытайдын 6 философиялык мектебинин бири, ал логиктердин, софистердин же диалектиктердин («талашып тартышуучулардын») мектеби деп да аталган. «Аталыштардын» (мин) жана «чындыктын» (шин) байланышы, түшүнүктөр (обьекттердин аталыштары) жана обьекттердин өздөрүнүн ортосундагы катышты, аталыштардын – түшүнүктөрдүн шарттуулугу проблемалары м-н алектенген (башка мектептерден айырмаланып бул проблемалар Минцзя үчүн алардын иш-аракетинин бирден-бир предмети болбосо да борбордук болуп эсептелген). Минцзиянын өкүлдөрү талашып-тартыша билүүлөрү менен даңазаланышкан, бул учурда алар пародоксалдык ырастоолордун жардамына кайрылышкан.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8