Миотония
Көрүнүш
Миотония (мио... жанa гр. tonos — керилүү, жыйрылуу) —нерв-булчуң оорулары.
Мында жыйрылган булчуң көпкө жазылбайт. Тукум куума ооруларга кирет. Оору организм суукка урунганда, катуу чарчаганда, психикага күч келгенде акырындык менен башталат. Миотония вегетатив нерв системасы менен ички секреция безинин функциясынын бузулушунан пайда болушу мүмкүн. Дарылоодо гормон дары-дармеги. витаминдер жанa физиотерапия колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.