Мирный Панас

Википедия дан

Мирный Панас (чын аты-жөнү — Рудченко Афанасий Яковлевич) (1(13). 5. 1849, Миргород—28. 1. 1920, Полтава) —украин жазуучусу.

Сын реализминин көрүнүктүү өкүлү, украин социалдык романин баштоочу. Чыгармачылык жөндөмү Т. Г. Шевченконун, 70-жылдардагы орус революциячыл демократтарынын жанa народниктердин таасиринде калыптанган. Чыгармалары 1872-жылдан жарыялана баштаган.

Бир тууганы Мирный Билык менен жазган мыкты чыгармасы — «Акыры толо болсо, өгүз өкүрөбү?» (1880, 2-ва­рианты— «Текке кеткен куч». 1903) романында украин дыйкандарынын тап-тапка бөлүнүү процессии көрсөткөн. «Шайкелең» романы (188384) — украин дыйкан кызынын трагедиялуу тагдыры, буржуазиянын мыкаачылыгын көрсөткөя чыгарма. «Кесеп» (1877), «Элчил» деген повесть, кара сөз менен «Түш» деген поэма, драма да жазган. Аларда эмгекчил калктын мүдөөсү үчүн күрөшкөн революционер-демократтардын образын түзгөн


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.