Мазмунга өтүү

Миң-Куш глиеж кени

Википедия дан

Миң-Куш глиеж кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 47–50 км түштүк-батыш тарапта, Молдо-Тоо менен Эмилтоонун аралыгындагы Миң-Куш өрөөнүндө. Глиеж Кабак көмүр бассейнинин борбордук бөлүгүндөгү Агулак, Тууракабак, Кашка-Суу, Миң-Куш, Көк-Мойнок кендеринде кездешет. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу катмар көмүрдүн табигый күйүүсүндөгү бышкан чоподон пайда болгон. Мындай күйгөн тилкенин жалпы узундугу 25 кмге чейин, калыңдыгы 50–75 м. Глиеж майда бүртүкчөлүү, жол-жол темгилдүү кооз таш. Күрөң, саргыч күрөң, ачык кызгылт жана кызыл түстөрдө. Таш оңой иштетилип, жакшы сайкалданат. Майда жаракалар менен 2–4 м3ге чейинки кесек бөлүкчөлөргө ажыраган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]