Миң-Куш

Википедия дан
Миң-Куш шаарчасы‎»‎ барагынан багытталды)
Миң-Куш
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

3647[1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Почта индекси

722710[2]

Миң-КушКыргызстандын Нарын облусунун Жумгал районундагы айыл. Миң-Куш айыл аймагына кирет. 1949-жылы негизделген. 1953-жылдан баштап шаарча макамына ээ болгон. Кабак уран кен ташын казып алууга байланыштуу пайда болгон. Жумгал районунун түштүк бөлүгүндөгү Миң-Куш кууш өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2120 м бийиктикте жайгашкан. Түндүгүнөн Кабак-Тоо, түштүгүнөн Молдо-Тоо кырка тоосу менен курчалган. Миң-Куш суусунун оң жээгинде (шаарчанын жана өрөөндүн аты ошондон). Рельефи тоолуу, жеринин бети батышты карай жантайып, адыр-күдүрлүү. Аймагы отун-энергетикага, минерал-сырьё ресурстарына бай. Ошондой эле күрөң көмүр, кум, майда шагыл аралашмасы ж. б. бар. Республиканын борбору Бишкектен 400, облустун борбору Нарын шаарынан 300, райондун борбору Чаек кыштагынан 55 км түштүк-батышта. Балыкчы темир жол станциясынан 220 км түштүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте. Калкы 3647 киши (2021)[1]; негизинен өнөр жайда, курулушта, транспорт жана байланышта, соодада, өндүрүш эмес чөйрөдө жана менчик чарбаларда эмгектенет. Миң-Куш «Оргтехника» АК, «Акулак» көмүр разрези, нан заводу жана жылуулук электр борбору, «Аманат» транспорт, «Назик» соода АКтары ж. б. иштейт. Үч орто, балдардын музыкалык жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, 4 бала бакча, маданият үйү, 2 клуб, стадион, оорукана (70 орундуу), поликлиника, дарыкана бар. Тез жардам бөлүмү, АТС, почта, соода мекемелери, тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базарчалар иштейт. Миң-Куш кыштагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор М. Бегалиев туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]