Миң бир түн

Википедия дан

Миң бир түн - орто кылымдагы араб адабиятынын жомоктордон, аңгемелерден. новеллалардан куралган эстелиги.

Дүйнөлүк көркөм мурастын төрүнөн орун алган бул чыгарманын не­гизги сюжети зулум падыша Шахрияр жанa анын вазиринин амалкөй кызы Шахрезада жөнүндөгү жомокко түйүндөлгөн. Анын кыскача сюжети: ак нике аялынын бузукулугунан улам жаны кашайган падыша адегенде аялынын башын алып, андан кийин өз жергесиндеги бой тарткан кыздардан күндө бирди алпырып келип жатып. күн чыгарбай башын ала турган болот. Падышалыкта колго алар кыз калбагандан кийин вазир өзүнун тун кызы Шахразаданы жетелеп келүүгө аргасыз болот. Айлакер Шахразада алгачкы түнү эле па­дыша көңүлүн жомокко уютуп, күн чыкканча уктатып салат. Жомоктун кызыгына баткан падыша мин бир түнгө чейин кулак түрүп олтура бе­рет. Шахразаданын эркине багынат. Акыры ал анын сүйүктүү аялы болуп калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.