Младограмматтизм

Википедия дан

Младограмматтизм, нео грам­матизм — 19-кылымдын европ. тил илиминдеги бир нече мектеп же багыт.

Алардын «Младограмматтизм» наамына биригишине тилдин жаратылышы менен тил илиминин милдеттери жөнүндөгү көз карашынын бирдейлиги негиз болгон. Младограмматиктер катарына негизинен Г. Асколи, У. Уитни, X. Г. Габеленц, Ф. Ф. Фортунатов, Ф. де Соссюр жана Лейпциг, Гёттинген, Берлин мектептериндеги илимпоздор кирет. Тил илимине «Младограмматтизм» терминин Лейпциг мектебинин филологу Ф. Царнке киргизген. Младограмматтизмдин теориялык негизги мазмуну: тил — индивидуалдуу психофизиол. иш, б. а. андагы өзгөрүүлөр тилди колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан аздыр-көптүр кокус себептерден болот.

Ошондуктан линг­вист эң оболу жандуу тилдердин өнүгүү закон ченемдерин таап, андан кийин гана өлүү тилдерди изилдегенге киришиши керек. Бирок мындай закон ченемдерди Младограмматтизм априордуу берилген, ал тилдин өөрчүшүнүн себептүү аспектисин толук камтыйт деп түшүнгөн жана тилди өзүнчө система катары аңдап биле алган эмес. 20-кылымдын башында Младограмматтизмилиминде башкы багыт болуудан калып, лингв, социологизмге жол бошоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.