Мазмунга өтүү

Лейпциг

Википедия — ачык энциклопедия
Саксония жеринин ири шаары
Лейпциг
Желек Герб
Желек Герб
Саксония жеринин ири шаарыГермания
ОблусСаксония
Координаттар51°20′ с. ш. 12°23′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү10 административдик район
МэрБуркхард Юнг
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1015-жыл
Климатынын түрүОкеан климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилинемис тили
Калкы621,809 адам
Улуттук курамынемистер 88%
Диний курамыПротестанттар, католиктер жана динсиздер
ЭтнохоронимЛейпцигдиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 341
Почта индекстери04001–04357
Автоунаа кодуL
Сайтыhttps://www.leipzig.de
Лейпциг (Германия)

Лейпциг, Лайпциг – Германиянын батышындагы шаар. Саксония жеринде. Түндүк Германия түздүгүнүн түштүк бөлүгүндө, Вайсе-Эльстер дарыясынын боюнда жайгашкан. Лейпциг округунун административдик борбору. Калкы 521,0 миң (2010). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, химиялык, полиграфиялык, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1409), бир нече ЖОЖ, Лейпциг көркөм сүрөт академиясы, Саксония ИАнын филиалы, 30га жакын ИИИ, музейлер (анын ичинде асем өнөр, этнографиясы, Германия китеби жана жазмасы жана башка), И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун жана башкалардын үй-музейи бар.

Алгач 1015-жылдан эскерилет. 13–15-кылымда Саксониянын административдик борбору. Лейпцигде 15-кылымдын аягынан китеп басылат. Лейпциг – Германиядагы орто кылымдан берки музыкалык борбор. 1212-ж. Ыйык Фома чиркөөсүндө ыр мектеби ачылып, эркек балдар хору түзүлгөн (учурда «Томанерхор»). 1802-жылдан консерватория (Ф. Мендельсон уюштурган), дүйнөгө белгилүү музыкалык басма иштейт. Шаардын тарыхый борборунда чиркөөлөр (13–16-к.), 16–18-кылымдын курулуштары сакталган. Лейпцигде жыл сайын дүйнөгө белгилүү китеп көргөзмө-жармаңкеси, кыска метраждуу даректүү фильмдердин жана музыка фестивалдары, баалуу терилер аукцион көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-11

Расмий сайты