Модалдуулук

Википедия дан

Модалдуулук (логикада) (лат. modus – чен, жол) – ой-жүгүртүүнү андагы айтылган бекемдөөнүн «күчү» боюнча ой жүгүртүүнүн мүнөзү; ой жүгүртүү зарыл, мүмкүн, кокустук, мүмкүн эмес жана башка болушу мүмкүн. Салттуу логикада зарылчылыкты туюндурган (аподиктикалык), мүмкүнчүлүктү (проблемалуулукту) жана чындыкты (ассерторические) туюндурган ой жүгүртүүнү айырмалашат.

Азыркы учурдагы логика ой жүгүртүүнүн, ой айтуунун белгилүү «методологиялык» баасы сыяктуу карап, модалдуулуктун касиеттерин талдоого мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге эле логикалык жана сүрөттөөчү модалдуулукту айырмалайт. Айтылгандын логикалык модалдуулугу таптаза логикалык түшүнүүдөн келип аныкталат. Мисалы, айтылган ой Р эгер ал таза логикалык негизден чыккан гана чындык болсо башкача айтканда эгер Р болбосо эле логикалык каршылыкка алып келчүү болсо, логикалык зарылчылык болот. Сүрөттөөчү модалдуулукка ири алдыда физикалык (себептүү) модалдуулук кирет. Ал айтылган ой кандайдыр бир физикалык мыйзамдагы сыяктуу зарылчылыкты, мүмкүнчүлүктү жана кокустукту туюндурабы ошого көз каранды. Айталы, «Бардык планеталар эллипс боюнча кыймылдайт» физикалык зарылчылык, а «Планеталардын саны – 9» – физикалык кокустук.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8