Модест Мусоргский

Википедия дан
Мусоргский (1870).

Модест Петрович Мусоргский- (1839-(9(21)-март 1881-(16(28)-март). XIХ кылымдагы орус композиторлорунун ичинен чыгармачылыгынын улуулугу, оригиналдуулугу менен айырмаланган гениалдуу композитор. Мусоргский 1839-жылы 21-мартта Псков губерниясындагы Карево да туулган. Болочок композитордун музыкалык таланты жашынан эле байкалат. Нотадан сабак берүүчү мугалим Герке анын талантына, зээндүүлүгүнө жогорку баа берген. 14 жашында анын биринчи «фортепьянолук" эмгеги жарыкка чыгат. Чыгармачылыгынын өнүгүшүнө Даргомыжский менендик анын берген жардамы чоң роль ойногон. 1854-жылдары биринчи вокалдык чыгармалары пайда боло баштайт. Анын ичинен «Калистрат», «Еромугаканын бешик ыры», «Гопак», «Жетимге» алардын чындыкты баяндаган адамдын тагдыры сүрөттөлгөн. 1808-жылы «Үйлөнүү», андан кийин элдик көтөрүлүштүн негизинен алынган «Борис" перасын жазат. Бул операсы дүйнөлүк опера искусствосунун тарыхында жаңы типтеги өсүштү чагылдырган чыгарма болуп эсептелген. Анткени Мусоргский мында турмуштук чындыкты тайманбай көрсөтүү тарыхты эл жаратарын ырастаган. Ал эми «Козголоңчулар» операсында орус элинин өткөндөгү айрылып XVII кылымдын аягындагы стрелецтердин козголоңуна жана Петр I инин рынакарты чыккан баяр-козголоңчуларды негиз кылып алган. М. П. Мусоргскийдин таланты алдыңкы идеялуу коомдук агымдар менен ширелишип өскөндүктөн, Стасовко жазган катында «Турмуш жөнүндө чындыкты таамай айтып көрсөтүү менин чыгармачылык максатым. Мына ошондон жаңылбасам экен» - деген. Композитордун вокалдык чыгармалары көп түрдүү мүнөздө болуп, романстарында жанды эриткен жумшак лирика, курч мүнөздөгү мыскыл жана жөн эле тамашалуу саптар кездешет. Ал музыканттардын турмуштагы чындыкты сүрөттөөнү, өз элине жан аябай кызмат кылууну талап кылган. Ошондуктан Мусоргский улуу музыкант гана эмес, чыныгы элин сүйгөн демократ катары да бааланат. Улуу композитор 1881-жылы Петербург шаарында дүйнөдөн кайткан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мусоргский Модест Петрович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф., 1979. Т.4. - Б. 344;
  • Момункулов Ж. Улуу музыкант // Кыргызстан маданияты. - 1969. - 26-март. - № 13. - Б. 11;
  • МУСОРГСКИЙ М.П. // Сов. Кыргызстан. - 1964. - 21 - март.

[[Категория:Орус тарыхчы Арууке бок кыз