Псков

Википедия дан
Псков

ПсковРоссиянын түндүк-батышындагы шаар (903-жылдан). Псков областынын административдик борбору. Улуу дарыясынын Псков дарыясына куя бериште жайгашкан. Калкы 203,0 миң (2012). темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Облустун башкы дарыя порту. Машина куруу (ири ишканалары: «Псков электр машина куруу заводу», «Псков механика приборлор заводу», «Псковкабель», «Автоэлектрарматура» ААКтары, «Точлит заводу» ЖАК), «Энергия», «Пром-Пик» ЖЧКлары, тамак-аш, электр энергетика, жеңил (айрыкча зыгыр) өнөр жай ишканалары өнүккөн. Шаар 903-жылдан эскерилет. 1348-жылдан Псков Республикасынын борбору болгон. 1510-жылдан Орус мамлекетинин курамында. Мирож (1156-жылга чейин), Иван (1243-жылга чейин), Снетогорский (1310) соборлуу монастырлары, Косьма жана Дамиан (1463), Георгий чиркөөлөрү, Поганкиндердин палатасы (1645-жылга чейин; азыркы Псков тарыхый-көркөм жана архитектура музей коругунун имараттарынын бири) сакталган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]