Моке уулу Молдожан

Википедия дан

Моке уулу Молдожан (1904-1989) Ат жабдыктарынын чебери. Түп районундагы Жылуу-Булак деген конушта төрөлгөн.

Үч күндөн кийин энеси, жети күндөн кийин атасы өлүп, таенесинин колунда чоңойгон. Көркөм кол өнөрчүлүктү 40 жаштарга келгенде кармап, кийин бул устачылыкты түбөлүктүү кесип тутат. Ал ээр чапкан. Чебер ээрдин астыңкы тарагын эки жарым эли, арткы тарагын үч эли, ээр каптыргасына чейин сөөм кылып кармайт. Мында ээр далынын кузгүсүнө бирдей жатып, арты аттын бөйрөгунө кынаптала түшөт. Ошондуктан, анын чапкан ээринин мыктылыгын айылдаштары айың кылып айтышат. Ат жабдыктарына мыкты узануусу устакерчиликтин даңазасын чыгарган. Ага кардарлар алыстан аттанып келип түшкөн. Ээрлеринин алды Кавказга жеткен. Казакстандан, Ысык-Көл, Тянь-Шань дубандарынан атайын кардарлар келип турушкан.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын областтык II кароо-сынагы». Кайык ат жабдыктары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0