Молдалиев Орозбек ажы Абдысаламович

Википедия дан

Молдалиев Орозбек ажы Абдысаламович (9. 8. 1947-ж. туулган, Тунук айылында)аскер кызматчысы, окумуштуу, дипломат жана коомдук ишмер. Саясый илимдердин кандидаты (2003), профессор.

1971-ж. Кыргыз медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. 1971-72-ж. Онкология жана радиология илим-изилдөө институнун, клиникалык ординатурасында иштеген. 1972-94-жылдары Кызыл Туулуу Чыгыш чек ара округунда аскердик кызмат өтөгөн. 1994-ж. отставкага кеткен. Аскердик наамы полковник.

1995-98-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эл аралык Стратегиялык изилдөөлөр институтунда директордун 1-орун басары, 1998-99-жылдары Эл аралык соода жана коопсуздук бюросунун директору, 2000-01-жылдары Кыргызстандын Өзбек Республикасындагы элчилигинде 1-катчы, 2001-02-жылдары Тышкы иштер министрлигинде Стратегиялык изилдөө жана укуктук маселелер Башкы башкармасында кенешчи болуп иштеген.

2002-жылдан Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясында Дүйнөлүк саясат жана эл аралык мамилелер кафедра башчысы, Тышкы саясатты изилдөө борборунун директору болуп эмгектенет.

Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университетинде саясат таануу боюнча дарс окуйт. 1995-ж. АКШнын Согуш-аба күчтөрүнүн «Өзгөчө операциялар» мектебин, 1996-ж. Дж. Маршалл атындагы Коопсуздук маселелери боюнча Европалык борбордун стратегялык изилдөөлөр жана коргонуу экономикасы коллежин (Германия) аяктаган. 50дөн ашык илимий эмгектин жана монографиянын (а. и. 3 жеке, 6 авторлош) автору.

Илимий эмгектери АКШ, Германия, Казакстан, Өзбектсан, Россия, Польша, Түркия, Швеция, Франция ж. б. мамлекеттерде басылып чыккан. Эл аралык «Терроризмге каршы күрөш», «Борбордук Азиядагы туруктуулук» жумушчу топторунун, Борбордук Азия эксперттер ассоциациясынын, Пекиндин «Эл аралык достук жана кызматташтык» ассоциациясынын, «Укук жана саясат» журналынын редакциялык тобунун мүчөсү. «Ардак белгиси» ордени жана 1-даражадагы «Кү-жүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн » медалы (2000) менен сыйланган. Токтор уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9