Молдалиев Эдилбек Кеңешбекович

Википедия дан

Молдалиев Эдилбек Кеңешбекович (2. 5. 1962-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - спортчу, Кыргызстанда панкратиондун негиздөөчүсү Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун (1986) жана аспирантурасын бүтүргөн (2000).

1975-жылдан «кыргыз боксунун атасы» аталган Чижов Юрий Константиновичтен бокс боюнча таалимтарбия алган. Эмгек жолун Фрунзедеги Ленин атындагы заводдо токардын жардамчысы болуп баштаган. 1980-82-жылдары Советтик Армиянын аба-десанттык бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

1982-жылдан Кара-Балта шаарында бокс боюнча Балдар-жаштардын спорт мектебинде мугалим-тренер, 1987-жылдан Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунда улук лаборант, кенже илимий кызматкер, бокс боюнча тренер-окутуучу болуп эмгектенет. 1978-ж. ЦС СДСО «Буревестник» биринчилигинде күмүш байгенин ээси, СССРдин биринчилигинин катышуучусу, 1979-ж. Кыргыз ССРинин чемпиону жана анын курама командасынын мүчөсү болгон. СССРдин куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн мезгилде, СССРдин куралДУУ күчтөрүнүн (мүчөсү) чемпионатында вице-чемпион титулун, Өзбекстандын (курама команданын мүчөсү) чемпиону наамын, Советтик Армиянын жана АскерДеңиз Флотунун эң күчтүү боксёрлорунун чемпиону жана бүткүл Союздук мелдештердин жеңүүчүсү наамдарын алган.

Өзбек ССРинин жана СССРдин куралдуу күчтөрүнүн ЦСКСнын курама командасына мүчөсү болгон. Бокс боюнча СССР спортунун мастерлик нормативин 1981-ж. 18 жаш курагында толтурган жана кийин муну көптөгөн жолу тастыктаган. Студент кезинде бир нече спорттун секцияларына (жеңил атлетика, чуркоо, лыжа тебүү, сууда сүзүү, акробатика, гимнастика, футбол, волейбол, регби, теннис, оор атлетика, атлетика ошондой эле тай боксу, катэ-до жана улуттук спорттун түрлөрү) катышкан. Ошону менен гана чектелип калбастан, илимий, тренердик жана судьялык (бокс боюнча) иштер менен алектенген. «Бизнес жана профессионалдык бокс», саясий-экономика боюнча конференцияларда грамоталар менен сыйланган (1985). Республикада 1-болуп тай боксу, кикбоксинг менен машыккан жана спортчуларды машыктырып баштаган. 1989-жылдан белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергенов менен кызматташкан. Көптөгөн кинофильмдерге, ошондой эле Тайлак, Курманбек баатырлардын юбилейлик, Жеңиш күнү, Нооруз жана Эгемендик күнү майрамдарында каскадёр болуп тартылат.

1992-жылдан Рига, Москва, Бишкек ж. б. Россиянын шаарларында жансакчы болуп иштейт. Эл аралык панкратион боюнча бир топ мелдештерди уюштурган. Ал «Бекбарс» деген псевдоним алып көптегөн эл аралык турнирлерге катышып, 1999-ж. Японияга барган. Ушул эле жылы каскадёр Үсөн Кудайбергенов түзгөн Баткендеги Ата Мекенди коргоо отрядына мүчө болуп кирген. Кыргыз Улуттук ат оюндарынын проблемалары боюнча ондон ашык макалаларды Бишкекте жана Алматыда жарыялаган. 2000-жылдан Дене тарбия жана спорт боюнча академиясында бокс, панкратион, тай боксу боюнча сабак берип келет.

Ал 2005-ж. академияда панкратион боюнча окуу программасын иштеп чыгып, студент-панкратиончулар үчүн методикалык окуу куралын даярдаган. Молдалиев Эл Аралык Абсолюттук беттешүү боюнча кеңештин (штаб квартирасы Москвада) өкүлү. «Крестоносец» жана «Бригада» киносериалдарына тартылган (каскадёр болуп). Евроазия чемпионатынын биринчи уюштуруучусу.

Ал Жети-Суу казактарынын «Есаул Союзу» наамына ээ болгон жана «За Волю и Мужество» крести менен сыйланган. Россия жана Казакстан каскадёрлорунун Ассоциациясынын мүчөсү.

2004-ж. Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия отличниги» наамына татыктуу болгон. 2005-жылдагы 24-март окуясында элдик ополчениенин катарында бишкектиктерди талаптоноодон, марадёрлуктан сактаган. Учурда Кыргыз Республикасыны панкратион федерациясынын президенти. Өйдөчекти уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9