Молдокеев, Алишер

Википедия дан

МОЛДОКЕЕВ Алишер (1884, Жалал-Абад облусу, Аксы р-ну, Сыны айылы –1931, ошол эле жер) – совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан ж-а алгачкы агартуучулардан.
1918–22-ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн, 1923–26-ж. Кызылжар р-нунда дыйкандардан ыктыярдуу кошуун түзүп, анын командири болгон. 1928-ж. М-дин демилгеси м-н Сыны айылында Аксы аймагы б-ча алгачкы мектеп ачылган.
О. эле ал эл арасында өзүнүн чечендиги, акылгөйлүгү м-н кадыр-баркка ээ болгон.
Айлындагы мектепке ысмы берилип, музейи уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003