Аксы району
Аксы району | |
Өлкө: | |
---|---|
Абалы: | |
Киргени: | |
Курамында: |
1 шаар, 11 айыл өкмөтү, |
Акимий борбору: | |
Ири шаары: | |
Түзүлгөн убакыты: |
6-март, 1992-жыл |
Аким: |
Замирбек Сыдыков[1] |
Калкы (2017): |
135 010 адам[2] |
Улуттук курамы: | |
Диний курамы: | |
Саат алкагы: | |
Телефон коду: |
+996 3724 |
Унаа коду: |
04 |
Ырасмый сайты |
Аксы району (1992-жылга чейин — Жаңы-Жол району) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору — Кербен шаары[3].
Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан.
Аксы району Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен чектешет (Жаңы-Коргон, Чартак, Үйчү, Үч-Коргон). Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арасынын узундугу 142 км түзөт.
Райондун аймагында азыркы убакта төмөнкү коруктар түзүлгөн жана иштейт:
- Авлетим-Ата мамлекеттик табият паркы
- Аркыт токой чарбалыгы (1936-жылы негизделген)
- Падыша-Ата мамлекеттик коругу
- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу
- Разан-Сай ботаникалык заказниги
- Жел-Тийбес ботаникалык заказниги
- Балтыркан токой заказниги
- «Кара-Жыгач аскасы» гидрогеологиялык заказниги (табият эстелиги).
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргызстандын 2009-жылкы элди каттоосу боюнча райондун калкынын саны 113010 адам. Алардын ичинен кыргыздардын саны 107447 адам (95,1 %), өзбектер — 4802 адам (4,2 %), орустар — 305 адам (0,3 %).

Административдик бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 11 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 78 айыл бар[4].
Райондук маанидеги шаары жана анын курамындагы айылдар:
Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:
- Ак-Жол айыл аймагы: Ак-Жол (борбору), Жолборсту, Кара-Тыт, Кечүү, Райкомол, Тегене, Кызыл-Бейит, Күрп, Разан-Сай;
- Авлетим айыл аймагы: Авлетим (борбору), Байкашка-Терек, Дерес-Сай, Жаңгактуу-Булак, Ит-Агар, Коргон, Мукур, Тегирмен-Сай, Товар-Сай;
- Жаңы-Жол айыл аймагы: Жаңы-Жол (борбору), Кой-Таш, Таштак, Терс;
- Ак-Суу айыл аймагы: Ак-Суу (борбору), Ак-Сай, Коргон-Дөбө, Мор-Булак, Төө-Басты;
- Кара-Жыгач айыл аймагы: Кара-Жыгач (борбору), Дардак-Дөбө, Кара-Ой, Сыны, Тор-Камыш, Чарба;
- Кашка-Суу айыл аймагы: Кашка-Суу (борбору), Жаңы-Айыл, Кара-Дөбө, Согот, Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак, Кара-Башат;
- Мавлянов айыл аймагы: Атана (борбору), Мундуз, Сары-Кашка, Семет, Торук, Улук, Чие, Таш-Жар, Жаңгак;
- Кызыл-Туу айыл аймагы: Кызыл-Туу (борбору), Аркыт, Жылгын, Жол-Сай;
- Кара-Суу айыл аймагы: Топ-Жаңгак (борбору), Жузумжан, Кара-Суу, Кезарт, Кызыл-Көл, Сай-Булуң, Түрдүк, Чалдыбар, Чат;
- Жерге-Тал айыл аймагы: Жерге-Тал (борбору), Боспиек, Кызыл-Капчыгай;
- Назаралиев айыл аймагы: Кызыл-Жар (борбору), Жыл-Кол, Кум, Нарын.
Талаш аймактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аксы районунун Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арасынын бөлүктөрүндө 8 талаш жерлер бар, алардын жалпы аянты 513 га. Чек аранын белгисиздиги эки өлкөнүн жарандары ортосунда болуп чыккан чыр-чатактардын негизги себеби.
2002-жылы Аксы районунда калк менен укук коргоо органдары ортосунда жаңжал чыккан. Калктын талаптарынын бири болуп кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимден баш тартуу болгон.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мурда Ош облусунун курамына кирчү. 1990-жылы Жалал-Абад облусуна өткөн. 1992-жылга чейин Жаңы-Жол району деп аталган.
Аксыдан чыккан белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жеңижок Нүзүп Бий Токтосун Тыныбеков Бекназар Баатыр Алымкан Көксулуу
Бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.
Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.
Маалымат каяктан алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими болуп дайындалды. Super.kg. Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2020.
- ↑ 2.0 2.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Enrin.grida.no. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2008. Түп булактан архивделген күнү 2 -август (баш оона) 2009.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 29.04.2023
![]() | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | ![]() |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл |