Молдокулов Бошкой Насырбекович

Википедия дан

Молдокулов Бошкой Насырбекович (1952-ж. туулган) - милициянын полковниги, коомдук укук коргоочу.

Суусамырда 8-Март орто мектебин 1969-ж. бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых (1974), ошол эле окуу жайдын укук таануу (1992) факультеттерин, Москвадагы СССР ИИМиндеги билимин өркүндөтүүчү курсту бүтүргөн (1986).

Эмгек жолун 1974-ж. Ак-Талаа районундагы M. В. Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим, андан кийин директордун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1979-83-жылдары Фрунзедеги кесиптик билим берүү мамлекеттик комитетинде улук методист, жетектөөчү адис болуп эмгектенген. 1983-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде инспектор, улук инспектор, Талас облустук ИИБдө кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаардык ИИБде кадрлар бөлүмүн жетектеген.

Кийинчерээк Бишкектеги Свердлов, Ленин райондук ИИБде начальниктин орун басары, Бишкек шаардык ИИБде күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Бишкекте күзөт полкунда штабдын улук инспектору, 2004-08-жылдары Бишкек шаардык адвокаттар коллегиясында, Биринчи Май райондук бөлүмүндө укук коргоочу, 2008-09-жылдары Кыргызпромстрой банкынын кадрлар башкармалыгында эмгектенген. ИИМдин тармагында иштеген мезгилинде ИИМдеги «Эн жакшы кызматы үчүн» төш белгиси жана бир нече медалдар менен сыйланган. Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9