Молдо Сайпидин

Википедия дан

Молдо Сайпидин (кол жазма боюнча таанылган аты Сайф-ад-дин ибн Дамулло Шах Аббас Аксикенти Аксы району – 16-кылыдын. 1503–1504-жылдардын биринде ошол эле Аксикентиде каза болгон) – кыргыз ойчулу, туңгуч тарыхчы жана “Манастын” кара сөз түрүндөгү текстин биринчи жолу 1503-ж. кагазга түшүрүп бүткөн манасчы, “Манас” иликтөөчү. Кыргыздын оң, сол жана ичкилик болуп бөлүнүшүн, Ак уул, Куу уулдардын бөлүнүшүн 22-23 аталарына чейин атап, мындан 5 к. мурда жазып кеткен санжырачы, б. а. атактуу “Мажму – ат – таварих” аттуу кол жазманын автору. Атасы Абастын “дамуулло”, “шах” деген титулдарынан (кошумча аттарынан) көрүнүп тургандай ислам дини билиминин жогорку баскычтарынан “шах” деген бийиктикке жеткен адам болгон. Чоң атасы Чурчар (Чычар) кандайдыр бир себептен улам туугандарына таарынып, тажик арасына көчүп кетип, тили фарсыча болуп калган.

Молдо Сайпидиндин чыгармаларынын ичинен бизге жеткени “Мажму –ат –таварих” (“Тарыхтардын жыйнагы”) болуп саналат. Анын азырынча 3 нускасы белгилүү: 1. Санкт-Петербургдагы Ленинград мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу бөлүмүнүн китепканасында 963 номер менен сакталып турат. Аны биринчилерден болуп, иликтеп, советтик жана кыргызстандык окумуштуулар чөйрөсүнө жеткирген тажик окумуштуусу А. Т. Тагиржанов болгон. Ал “Собрании истории “Маджму – ат таварих” (Ленинград ун-тинин басмасы, 1959) аттуу китеп чыгарып, 1960-ж. анын экинчи басылышы жарык көргөн. Бул китеп 2 бөлүктөн турат: 1) китептин 97-бетине чейин ээлеп, кол жазманын жазылыш мезгили, автору, анда камтылган окуучулар туурасында сөз болуп, “Манас” эпосу камтылган жери туурасында кеңири токтолгон. Айрыкча кол жазманын тили кеңири талдоого алынган. Ошондой эле жазмада камтылган адам, жер, суу аттары, урук, уруулардын аталыштарынын тизмелери берилген. 2) бөлүгүнө кол жазманын факсимилесинин (фото нускасынын) тандалган беттери жайгаштырылган. Ал араб арибинде, фарсы тилинде болгондуктан, оңдон солго карай беттелген. Бул нускада Санкт-Петербург шаарындагы Азия элдеринин институтунун Ленинград бөлүмүндөгү китепканада 667-номер менен катталган. Муну орус окумуштуусу В. А. Ромадин институттун китепканасынан таап, мазмунунда камтылган бардык окуяларды орус тилинде өз сөзү менен жазып чыгып, бир нускасын “Извлечение из “Маджму-ат-таварих” деген ат менен КРИУАнын Кол жазмалар фондуна жиберген. А. Т. Тагиржановдун жазганына караганда экинчи нуска “Жаами ат-таварих” деген катар көрсөтүлгөн ат менен сакталып турган. Бул мурда эле улуу тарыхчы В. В. Бартольдго белгилүү болгон. Ал жөнүндө 1899-ж. 11-мартта Археология коомунун Чыгыш бөлүмүндө кыскача кабар бергени, кол жазма В. А. Каллаур тарабынан жиберилгени, сактап келген чыныгы ээси ширкенттик Жагдыкожо деген киши болгондугу, жазган автору Сайф ад-дин (Сайпидин) кол китепти жазып бүтпөй каза болуп калып, аяк жагын уулу Нурмухаммад бүтүргөндүгү, бул хижара боюнча 10-кылымга (Иса жыл санагы боюнча 1494-жылдан башталгандыгы) таандык экени айтылат. Демек, колжазманын бул нускасы 19-кылымда эле Санкт-Петербургдун китепканасына алып барылган биринчи нускасына окшош. “Мажму- атут-таварихтин” үчүнчү нускасы өз мекенибиздеги Жалалабат областына караштуу Алабука районунун Баймак кыштагында (мурдагы аталышы: Наманган уезди, Кутулуксейит волосту, Баймак айылы) 1898-ж. туулуп, мектеп, медреседен, мугалимдер курсунан, аягында Фрунзедеги 20–30-жылдарда эң жогорку окуу жайы катары саналган педтехникумдан билим алган (1927-1931) Н. Жайлообаев аксакалдын колунда болгон. Бул нусканы Кудаяр хандын ордосунда кызмат өтөгөн Жайлообайдын агасы Койлонбай тарабынан ичкериден алып келинген, атадан балага мурас катары өткөн. 1968-ж. Назармат карыя академиянын Кол жазмалар фондуна тапшырган. Кол жазманын эне тилибиздеги айрым үзүндүлөрү 1995-жылдын августунан баштап жарыялана баштаган. Кыргыз тилиндеги котормосу “Мажму ат-таварих” деген наам менен китеп болуп чыккан (которгондор: Молдо Мамасабыр ажы менен О. Сооронов. Бул китепте кол жазманын жазылыш себептери, он эки имамдын өмүрү, кыргыздардын Нух пайгамбардан берки тарыхы; оң, солго бөлүнүшү; Ак уул, Куу уул, алардын 23-атасына чейинки санжырасы тараган уруулар Чынгыз хан менен Амир Темирдин өмүр тарыхы, эң негизгиси Манастын Жолой менен болгон айкаштары, жеңиштери камтылган. Молдо Сайпидиндин бул атактуу кол жазмасы “Манас” эпосунун кара сөз түрүндө биринчи кагазга түшкөн варианты болгондугу, ошондой эле кыргыздын байыркы тарыхынан эң алгачкы кабар бергендиги жана санжырасын кеңири чагылдыргандыгы менен баалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004