Молекулалардын рентгенографиясы жана электронографиясы

Википедия дан

Молекулалардын рентгенографиясы жана электронографиясы - заттардын түзүлүшүн үйрөнүүгө багытталган изилдөө методдору.

Газдардын жанa буунун млекуласын изилдөөдө рентгенограмма жанa электрондордун дифракциясына негизделген электронограммалар жасалат. Рентгенограмма көп учурда молекуладагы атомдордун аралыгын аныктоого жардам берет. Электроно­графия өтө майда дисперстүү объектти изилдөөго жанa оор атомдордун катышуусунда жеңил атомдордун абалын билүүгө мүмкүндүк берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.