Разияхан Моминова

Википедия дан
Моминова, Разияхан‎»‎ барагынан багытталды)

Моминова Разияхан (1918-жылы туулган. Ош шаары) — Кыргыз ССР эл артисти (1940). 1943-жылдан КПСС мүчөсү. Балдар үйүндө тарбияланган. Өздүк- көркөм чыгармачылык коллективинин катышуучусу. 1932-жылдан Оштогу Өзбек музыкалык драма театрында иштеген. Ал аткарган ролдор: Кымбат (У. Исмаилов, «Рустам»), Күмүшай (М. Ашрафи, «Бороон»), Жамийла (X. Хамза, «Бай менен батрак»), Оксана (К. Яшен, «Оккупанттарга өлүм») өзбек, уйгур, кыргыз классикалык бийлерин чебер аткарган. Ал аткарган «Анжиян полькасы» бий искусствосунун алтын фондусуна кирген. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө (1939) катышкан. 40— 50-жылдары Ош облусунун жана шаардык Эл депутаттар советине бир нече жолу шайланган. Эки «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. 1982-жылдан театрдын башкы балет-мейстери.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.