Момордика харанция

Википедия дан
Момордика харанция

Momordica charantia, өсүмдүктүн гүлдөшү
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Momordica charantia L., 1753


Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  22399
NCBI  3673
EOL  584304
IPNI  293413-1
TPL  kew-2372864
Эки жарым жана эки кесилиштүү толук Момордика харанция

Момордика харанция же ачуу бадыраң (лат. Momordica charantia) — Көптөгөн өлкөлөрдө Кытай ашкабагы деген аталышка ээ .Ал эми Кыргызстанда бул өсүмдүктү Индия анары деп аташат. Биологиялык түзүлүшү Момордика, ашкабактар уруусуна кирген жашылча.

Мекени[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мекени – Азиянын тропик өлкөлөрү. Дүйнөнүн жылуу климаттуу аймактарында, негизинен Түштүк Азияда (анын ичинде Индияда да) жана Түштүк Чыгыш Азияда, Кытайда жана Кариб деңизинин жээктеринде көп өстүрүлөт.

Биологиялык түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сабагынын узундугу – 4 метрге чейин жете турган 1 жылдык лиана. Гүлү – сары Мөмөсүнүн узундугу – 18 сантиметрге чейин (Кыргызстанда)

Курамы - Момордика харанция курамында темир, бета-каротин, витаминдер, кальций, калий бар болгону үчүн баалуу. Тамакты жакшы сиңирип, ичтейди ачат.

Кулинарияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мөмөсү быша элек кезинде эти ачуу болгондуктан ачуу бадыраң деген атты да алып жүрөт. Андыктан быша элек мөмөсүн чогултуп, ичиндеги уругун алып салып, анан ачуусу чыгышы үчүн бир нече саат туздуу сууга чылап коюшат. Анан этин бууга демдеп же сууда кайнатып туруп тамак-ашка колдонушат. Мөмөсүн гана эмес, жаш сабагы менен жалбырагын да дымдап бышырып жегенге болот. Бышкан уругу таттуу болгондуктан жей берүүгө болот. Быша элек көк мөмөсүн маринаддашат. Бышкан кезде эти жумшарып калгандыктан аз колдонулат.

Медицинада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заманбап медицинада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лабораториялык изилдөөлөр ВИЧти дарылоодо жардам берерин көрсөткөн. АКШнын окумуштуулары изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында уйку безинин рак оорусунда рактын клеткаларын өлтүрүүчү жөндөмү бар экендигин белгилешкен.

Элдик медицинада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ширеси быша электе уулуу, бирок аны элдик медицинада артрит, кызыл жүгүрүк, астма, айрым тери ооруларын, кант диабетин айыктырууда, балдардын ичтеги мите курттарын түшүрүүдө колдонушат. Малярия оорусунун алдын алып, аны айыктырууда да колдонулат делет.

Терс таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зарнаны, ашказандын жана 12 эли ичегинин жара оорусун күчөтүп жиберет. Балдарды ууланууга дуушар кылуусу мүмкүн. Чанда болсо да кош бойлуу аялдардын жатынын жыйрылтып, бойдон түшүүгө жеткириши ыктымал.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]