Эукариот

Википедия дан
Eukaryota‎»‎ барагынан багытталды)
Жаныбардын типтүү клеткасынын диаграммасы. Белгиленген органоиддер (органеллалар) 1. Ядрочо 2. Ядро 3. Рибосома 4. Везикула 5. Бодуракай (гранулырдык) эндоплазматикалык ретикулум 6. Гольджи аппараты 7. Клетка керегеси 8. жылмакай (агранулярдык) эндоплазматикалык ретикулум 9. Митохондрия 10. Вакуоля 11. Гиалоплазма 12. Лизосома 13. Центросома (Центриоль)

Эукариоттор (Eucаryota). Эукариоттордун клеткаларынын өлчөмү 13 мкмге жакын. Клеткасынын ичи жаргактар менен бөлүнгөн. Клетканын ичиндеги үч мүчөсү (органелла) башка протоплазмалардан эки чел кабыгы менен бөлүнгөн: ядро клеткасы, митохондриялар жана пластидалар (акыркы органеллар жалаң гана өсүмдүкгө тиешелүү). Цитоплазмада ар түрдүү органеллалар жайгашкан, булардын көбүн электрондук микроскоп менен көрүүгө болот. Ошону менен бирге, рибосомалар пластиддерде жана митохондрияларда болот. Клеткадагы бардык органеллала матриксте орун алышкан. Эукариоттордо үч түрдүү клеткалар болот: өсүмдүк, козу карын жана жаныбар клеткалары.

Эукариотторго татал түзүлүштөгү бир жана көп клеткалуу жаныбар, өсүмдүк, балыр, козу карындар жана жөнөкөй түзүлүштөгү организмдер кирет. Бул организмдердин клеткасында ядролору толугу менен жайгашышкан. ДНК ядронун ичинде орун алып, гендери иреттүү түрдө тизилип ар түрдүү түзүлүштөгү хромосомалар түзүлөт.
Тиричилик дүйнөсү укмуштуудай ар түрдүү. Азыркы учурда 500 миңден ашык өсүмдүк түрлөрү, 1,5 миллиондон ашык жаныбар түрлөрү, бактериялардын, көк жашыл балырлар жана миңдеген козу карындын миңдеген түрлөрү изилденип аныкталган. Организмдердин түзүлүшүндөгү кубулууларды байкап түшүндүрүү, алардын теориялык жана иш жүзүндө кандайча пайдалуу же зыяндуу экендигин ачуу жалпы биология илиминин негизги максаты.

Бардык эукариоттордун клеткаларында ядролору бар, алардын ядролору жаргактар менен курчалган. Эукариоттор үч дүйнөгө бөлүнөт: татаал түзүлүштөгү өсүмдүк, козу карындар жана жаныбар. Бул дүйнөнүн өкүлдөрү бири-биринен түзүлүшүдө көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Көпчүлүк өсүмдүктөр автотрофтук азыктанат, ал эми жаныбар жана козу-карындар гетероторфтук жол менен азыктанат. Бирок бардык татаал түзүлүштү үч дүйнөнүн арасын так бөлүү кыйын. Жаныбар клеткалары жакшы көрүнгөн чел кабык менен капталышкан, жаныбар козу карынга, өсүмдүкгө караганда демилгелүү, кыймылдуу келишип, өзүдөрү ургаачысын тамагын издеп табууга жөндөмдүү. Бирок жаныбардын ичинде жылбай, жабышып бир жерде жашагандары да бар, алар митоздук жана мейоздук жол менен көбөйөт. Денесинде камдалган, белен азыгы, углеводдор жаныбарда гликоген түрүндө топтолот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4